2025 — жылы Бишкектин гүлзарларына отургузулган 190 миң түп жоогазын гүлүн ачат.
Эми жазында борбор калаанын тургундары жана коноктору гүлдөгөн жоогазындардын көркүн Эмен багында, Филармониянын алдында, Театралдык жана Физкультурный гүл бакчаларында, ошондой эле Жеңиш, Ата-Түрк жана Каражыгач токою парктарында көрө алышат.
Бул сезондо жоогазындын ар кандай түрлөрү тигилип, кылдаттык менен тандалып Голландиядан алынып келинет. Борбор калааны «Бишкек жашыл курулуш» МИсинин адистери дизайнердик композициялар менен кооздолушу үчүн көчөт отургузуунун ар бир элементин терең ойлонуу менен пландаган.
Шаардыктар пион сыяктуу жоогазындарынын кооздугунан, ошондой эле ак, кызыл, сары, кызгылт жана кызгылт көк түстөгү жоогазындардан ырахат ала алышат.
"Бишкек жашыл курулуш" МИси жашыл демилгелер жана долбоорлор аркылуу шаардын кайталангыс имиджин түзүүгө умтулууда.