«Үмүт үйү» улгайган жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемесинде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) жана №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун өкүлдөрүнүн, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин  жетекчилигинин катышуусунда мекеменин жашоочулары жана медицина кызматкерлери менен жолугушуу уюштурулду.

Жолугушуда милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрү медициналык кызмат көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын камсыздандырылган жарандары жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси бар жарандар үчүн мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында каралган дары-дармек сатып алуудагы жеңилдиктер боюнча түшүндүрмө беришти.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ишеним телефонун көрсөткөн брошюралар таратылды.

Социалдык өнүктүрүү департаментинин директору мекеменин жашоочуларын медициналык кароодон өткөрүү үчүн №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору менен келишим түзүлөрүн белгиледи.

Бүгүнкү күндө “Үмүт үйү” социалдык стационардык мекемесинде 202 тургун жашайт, аларга социалдык, медициналык, турмуш-тиричилик кызматтары акысыз көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, мекеме Абай көчөсү, №93 дарегинде  жайгашкан.