Бишкек шаарынын мэринин  биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков 2024-жылдын 17-ноябрына белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдыктын жүрүшүн текшерди.

Мирланбек Байгончоков райондун акимдери жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Ч.Айтматов проспектиси, 27 дарегиндеги (К.Карасаев атындагы БМУ) №1046, Жал кичирайону, 45 дарегиндеги (№95 мектеп) № 1063 жана №1035,  Жеңиштин 50 жылдыгы көчөсү, 39а дареги боюнча "Чоң-Арык" МАБда уюштурулган  №1053 жана 12-кичирайону, 23/1 дарегиндеги (№71 мектеп) №1141 жана №1142 шайлоо тилкелерин текшерди.

Жыйынтыгында УШКларды материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын айланасында тазалыкты камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Эскерте кетсек, УШКлар жайгашкан бала бакчаларда жана мектептерде санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү максатында 16-18-ноябрь күндөрү сабактар онлайн режиминде өткөрүлөт.