Мамлекеттик циркти жана анын айланасын реконструкциялоонун алкагында «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы тарабынан комплекстүү көрктөндүрүү, жашылдандыруу  иштери ийгиликтүү аяктады.

Иштин жүрүшүндө жер тегиздөө иштери жүргүзүлдү: деңгээли түшүрүлүп, кара топурак алынып келинип, газон чөптөр себилди.

Адистер   өз күчү менен өстүргөн 20 түп ольха көчөтүн, ошондой эле барбарис бадалдарын, колонна түрүндөгү туя, гортензия жана башка бадалдарды отургузушту.

Эстетикалык көрүнүштү жакшыртуу жана жагымдуу атмосфера түзүү үчүн цирктин маңдай бетине япон бакчасы уюштурулду. Ошондой эле,  тоо карагайлары жана хризантемалар отургузулуп,  көздү кубантып турат.

Мындан тышкары, өсүмдүктөрдү узак мөөнөттө жана натыйжалуу кам көрүү үчүн тамчылатып сугаруу системасы орнотулган.

Келечекте «Бишкек жашыл курулуш» цирктин айланасына ак кайың, ийне жалбырактуу жана чоң жалбырактуу көчөттөрдү отургузуу аркылуу жашыл аймакты кеңейтип, жашылдандыруу, көрктөндүрүүнү улантат.