Шаардык муниципалитеттин жыйындар залында Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасы менен мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин жана тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү.
Жолугушууда Орто-Сай базарынын аймагында ыңгайлуу шарттарды түзүү маселеси талкууланды.
Октябрь акимчилигине жана «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасына базардын аймагын көрктөндүрүүнү иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
Бишкек шаарынын МККБ жол кыймылынын эрежелерин камсыздоо жана мыйзамсыз токтотулган унааларга чара көрүү маселесин “Жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы менен биргеликте кароо тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгына өрт коопсуздугунун нормаларын жана талаптарын сактоону камсыз кылуу милдеттендирилди.
Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгына базардын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо, ал эми муниципалдык инспекцияга Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен биргеликте антисанитардык абал жана стихиялуу соода боюнча комиссиялык рейддерди уюштуруу тапшырылды.
Райондук администрацияга, «Бишкекасфальтсервис» ишканасына жана «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине тротуарды суу агып кетүүчү түйүндөр жана торчолорду орнотуу менен асфальттоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
Жолугушуунун жыйынтыгында Орто-Сай базарын талаптагыдай иретке келтирүүгө багытталган дагы бир катар тапшырмалар белгиленди.