Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы мончолорду жана сауналарды текшерип, тыюу салынган заттарды өрттөө фактыларын жана отун катары ар түрдүү синтетикалык заттарды колдонууну токтотуу максатын көздөп жатат. Иш-чара жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек шаары жана Аламудун регионалдык башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Рейд Октябрь районунда өттү. Текшерүүгө алынган 6 жеке менчик мончонун ичинен Менделеев көчөсүндө тигүү калдыктарын мыйзамсыз жагуу фактысы аныкталды.

Мончодо отун жана көмүр болгонуна карабастан, мончонун ээси мешке тыюу салынган затты кошкон. Ага КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгү боюнча 7 500 сом айып салынды.

Көпчүлүк мончо жана сауна ээлери экологияны коргоонун маанилүүлүгүн түшүнө башташты. Бардык текшерилген мончолордо катуу отун колдонулуп жатат.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирүүлөрдү жөнөттү. Бул багыттагы иштер улантылат.

Эскерте кетсек, КРнын “Укук бузуулар жөнүндө”  Кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, таштандылдарды, турмуш-тиричиликтик катуу, өндүрүштүк, өнөр жай калдыктарын жана башка предметтерди өрттөө, ошондой эле жалбырактарды өрттөө - жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Текшерүү суроолору боюнча 0990 757 371 вотсап  номуруна жазып, мыйзам бузуунун фото-видео далилин жөнөтсөңүз болот.