Бензиндин уруксатсыз сатылышына каршы рейд Профсоюз жана Махатма Ганди көчөлөрүндө жүргүзүлдү.
Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын жана салык кызматынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлдү.
Күйүүчү майды мыйзамсыз сатуу менен алектенген жети адамдан 1 тонна 300 литр бензин алынган. Мыйзам бузуучулардын бири экологиялык эрежелерди бузуп, күйүүчү майды төгүп салган.
Башаламан кылган соодагерлерге бир нече ирет мыйзамсыз соода жүргүзүүнү токтотуу боюнча бирдиремелер таратылган. Ага карабастан, "мыйзамсыз" иш-аракеттерди улантышууда.
Күйүүчү майдын расмий эмес соодасы олуттуу тобокелчиликтерди жаратышы мүмкүн, анткени мындай товарлардын сапаты жана анын келип чыгышы көп учурда белгисиз бойдон калууда.
Мындан тышкары, күйүүчү майды сактоо шарттарын бузуу өрт жана башка кооптуу кырдаалдарга, айрыкча шаардын калк жыш жайгашкан аймактарында коркунуч жаратат.