2024-жылдын 2-8-ноябрь күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында балдар, кадеттер, жаштар жана чоңдор арасында ITF таэквондо боюнча Дүйнө кубогу өттү.
Бул мелдеште 34 өлкөдөн миңден ашык спортчу өз чеберчилигин көрсөтүп, медалдар үчүн күч сынашты.
Алардын арасында Кыргызстандын курамасы, С. Жуманазаров атындагы Балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби ITF таэквондо бөлүмүнүн 131 спортчусу өкүлчүлүк кылды.
Кыргызстандын курамасы жалпы командалык эсепте үчүнчү орунду ээлеп, 25 алтын, 39 күмүш жана 59 коло медалдарды жеңип алуу менен жогорку көрсөткүчтөргө жетишти.
Мелдештердин жыйынтыгында 12-13 жаштагы балдар арасында С. Жуманазаров атындагы балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин тарбиялануучусу Туйчиев Багдат 55 кг салмакта спаррингде 1-орунду ээлеп, жогорку техникалык чеберчилигин жана даярдыгын көрсөтө алды.