Борбор калаанын мэриясында шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда мэр Айбек Джунушалиевдин пландуу жыйыны өттү.
«Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жана 2025-жылга карата пландары боюнча отчету угулду.
Шаар мэри ишкананын ишмердүүлүгүн оптималдаштырууну жана жакшыртууну тапшырды.
Ошондой эле Айбек Джнушалиев коммуналдык кызматтарга («Бишкекжылуулуктармагы» МИ, «Бишкекжылуулукэнерго», «Бишкексууканал») 2025-жылы реабилитациялануучу жолдордо ремонт иштерин алдын ала пландаштырууну тапшырды. Бул асфальт жаңылангандан кийин аны кайра бузбоо максатында жасалууда.
Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине, жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына жана «Бишкекбашкыархитектура» башкы башкармалыгына объекттерди, анын ичинде жер астындагы унаа токтотуучу жайларды максаттуу пайдалануу боюнча текшерүү тапшырылды. Көптөгөн бизнес-борборлордо жер астындагы унаа токтотуучу жайлар соода жайлары катары колдонулуп жатат.
Айбек Джунушалиев баарын максатка ылайык пайдаланууну камсыздоону жана унаа токтотуучу жайлардын толук кандуу иштешин камсыз кылууну тапшырды.
Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, мурда берилген документтерди жокко чыгаруу жана объекттерди максаттуу түрдө, башкача айтканда, унаа токтотуучу жай катары пайдалануу тапшырмасы берилди.