Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатынын темир каркасын орнотуу иштери башталды.
Балатыны орнотуу иштери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын адистери тарабынан жүргүзүлүп, андан соң «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан кооздоо иши улантылат.
Быйыл жаңы жылдык балаты жаңы фонтан комплексинин ортосуна орнотулат. Башкы балатынын бийиктиги 32 метр, диаметри 13 метр.
Эскерте кетсек жаңы жылдык балатыны орнотуу болжол менен 25 күнгө созулат.