Үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрынан тарта Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине байланыштуу борбор калаада троллейбус каттамдары токтотулган.
Иш-чарага келген делегациялардын коопсуз жана тоскоолдуксуз жүрүүсүн уюштуруу максатында ушундай чечим кабыл алынган.
Анткени, масштабдуу иш-чараларды уюштурууда троллейбустар иштен чыгып, жол тыгыны жаралган учурлар буга чейин кездешкен.
Ошондой эле бүгүнкү күндө эки троллейбус токтотуучу жайда (депо) Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосунун эсебинен электр кубаттоочу түзүлүштөрдү орнотуу менен капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу троллейбустардын кыймылы токтотулду.
Буга чейин троллейбустардын ордуна шаардыктардын кызматына эл аралык талаптарга жооп берген заманбап электробустар келери маалымдалган.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө борбор калаада 1200дөн ашык автобус 56 каттам боюнча иштейт. Муниципалдык автобустардын жүрүү аралыгы орто эсеп менен 10 мүнөттү түзөт.
Троллейбус каттамдарынын ордуна жаңы автобус линиялары ишке киргизилет.
Бишкек шаарынын мэриясы жүргүнчү ташууну жакшыртуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатат.