Бишкек шаарында 2024-жылдын 12-15-ноябрында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында өткөрүлүүчү XXIV шаардык көркөм өнөр жана кол өнөрчүлүк фестивалынын II туру өтөт.
Бул фестиваль Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын иш-чаралар планына ылайык уюштурулуп жатат.
Фестивалга катышуу үчүн мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иш алып барган 25 мекеме, анын ичинде 11 балдар мекемеси жана 14 чоңдорго арналган коомдук бирикме, фонд жана реабилитациялык борбордон арыздар берилген.
Фестивалдын сынактык иштерин Кыргыз Республикасынын эл артисттери, эмгек сиңирген артисттер, сүрөтчүлөр, жогорку окуу жайларынын доценттери жана маданияттын мыктылары кирген кесипкөй калыстар тобу баалайт.
Быйыл фестиваль көркөм өнөр боюнча төмөнкү жети номинацияны камтыйт:
•вокал;
•хор музыкасы;
•көркөм окүү;
•музыкалык аспаптарда ойноо;
•мода көрсөтүү;
•пантомима;
•бий (жеке же жамааттык).
Кол өнөрчүлүк боюнча сынакта түрдүү техникада аткарылган иштер көрсөтүлөт, анын ичинде кийиз иштетүү, жыгачтан оюу, токуу, макраме, мончок менен жасалгалоо, металлдан жана акварельден жасалган эмгектер бар.
Калыстар жыл сайын катышуучулардын аткаруучулук чеберчилигинин өсүп жатканын жана чыгармачыл жамааттардын барган сайын активдүү катышып жатканын белгилеп келишет. Бул фестиваль мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында өзүн көрсөтүү жана талантын ачуу үчүн маанилүү аянтчага айланып, чыгармачылык жана өнөр аркылуу бардык катышуучуларды бириктирет.