Свердлов районунун билим берүү мекемелеринде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тамак-аш азыктарынын ассортиментин, санитардык эрежелердин жана нормалардын сакталышын, ошондой эле өрт коопсуздугунун сакталышын текшерүү уюштурулган.

Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө 14 мектеп жана 14 бакча текшерилди.

Ага муниципалдык администрациянын кызматкерлери, Бишкек шаарынын МСЭКБ, билим берүү башкармалыгынын жана ӨКМдин адистери катышты.

Белгилей кетсек, балдардын билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштурууда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык тамак-аш ченемдери колдонулат.