Бишкек шаарында «Газпром - балдарга» ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплекси базасында «Мурас-Аймак» регионалдык футзал турнири өттү. Бул турнир Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда өтө турган салттуу достук «Мурас» турниринин тандоо этабы болуп калды.
Турнирдин негизги максаты — ар кайсы коомдук чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн ортосундагы достук жана расмий эмес байланыштарды чыңдоо, калк арасында сергек жашоо образын жайылтуу жана шаардыктарды активдүү дене тарбия жана спорт менен алектенүүгө тартуу болуп саналат.
Турнир ар кайсы чөйрөдөн келген катышуучуларды бириктирип, жарандардын физикалык жана моралдык өнүгүүсүн колдогон демилгелердин өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт.
Турнирге шаардын негизги уюмдарынан, анын ичинде КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын, Бишкек электр тармактар ишканасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин командалары катышты,
Оюндардын жыйынтыгында, жеңишти Бишкек электр тармактар ишканасынын командасы багынтып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана командалык духун көрсөттү. Экинчи орунду Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин командасы ээлесе, үчүнчү орун КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын командасына тийди.
Турнирдин алкагында өзгөчө жетишкендиктери үчүн атайын сыйлыктар тапшырылды:
* «Эң мыкты оюнчу» — Ж.Д. Осмонов (КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы);
* «Эң мыкты бомбардир» — «Бишкекжылуулукэнерго» командасынан Э.А. Наматов, ал мелдештин жүрүшүндө 7 гол киргизген.
«Мурас-Аймак» регионалдык турнири өлкө боюнча мыкты командаларды чогулткан жана мамлекет башчысынын катышуусунда өтүүчү негизги «Мурас» турнирин даярдоонун маанилуу бөлүгү болуп калды.