Бишкек шаарында айдоочу таштанды контейнерлеринин жанына унаасын токтотуп, көрктөндүрүү эрежелерин бузганы үчүн айыпка тартылды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы Безымянная көчөсүндө унаасын токтоткон айдоочуга протокол түздү.

КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренесине ылайык, айып 3 000 сомду түздү.

Муниципалдык инспекция мыйзам бузууларга каршы күрөшүн улантат, анткени туура эмес токтотуу “Тазалык” МИсинин атайын техниканын ишин татаалдаштырып, жолдордо кооптуу абалдарды жаратат.

Мыйзам бузгандар КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык толук жоопкерчиликке тартылышат.