Бишкек шаарында «Газпром-Балдар» спорттук-эс алуу комплексинин базасында белгилүү кыргызстандык спортчу, Олимпиаданын коло байге ээси Руслан Түмөнбаевдин байгелери үчүн күрөш боюнча III эл аралык турнирдин ачылыш аземи өттү.

Турнир 2007-2009-жылы туулган уландар арасында өтүп, быйыл 400 спортчу катышууда.

Мелдеш Казакстан, Өзбекстан, Венгрия жана башка өлкөлөрдөн келген спортчулардын башын бириктирип, жаш спортчулардын тажрыйба алмашуусуна жана эл аралык деңгээлде спорттун өнүгүшүнө өбөлгө түздү.

Ачылыш аземге өлкөнүн спорт тармагынын белгилүү өкүлдөрү, анын ичинде Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Жоомарт Шамканов, Р.Түмөнбаевдин жеке машыктыруучусу Амеркул Молдобаев катышты.  

Салтанатка Руслан Түмөнбаевдин апасы Акима Сабиталиева жана грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, Азия чемпиону Акжол Махмудов да катышты.

Турнир жыл сайын спорттун улуттук түрлөрүн колдоо жана жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу, Кыргызстандын спорттук имиджин эл аралык аренада бекемдөөгө көмөк көрсөтүү максатында өткөрүлүп келет.