“Орто-Сай” базарынын өрт коопсуздугунун нормаларына шайкештигине баа берилди.

Текшерүүнү мэрдин орун басары  Рамиз Алиев, муниципалдык инспекциянын башчысы Медербек Амангелдиев, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаарындагы өкүлдөрү жана шаардык кызматтар жүргүзүштү.

Кайрадан өткөрүлгөн  рейддин жүрүшүндө оң өзгөрүүлөр байкалды: башаламан соодагерлер базардын аймагында көбүрөөк бош орун берүү менен кадимки соода кылган орундарын бошотушкан.

Бирок бул жолу өрт өчүрүүчү унаанын өтүүсүнө төмөн жайгашкан зымдар, бастырмалар жана туура эмес жерде токтоп турган унаалар тоскоол болду.

Унаалардын ээлерине мындай аракеттер авариялык кырдаал болгон учурда тез жардам кызматына жетүүгө олуттуу тоскоолдук жаратышы жана базардагы ар бир адамдын коопсуздугуна коркунуч туудурары түшүндүрүлдү.

Муниципалдык инспекция тарабынан соода түйүндөрүнүн ээлерине мыйзамсыз чатырларды алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Айрымдары өз ыктыяры менен алышты.

Калган чатырлар жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан алынган.

Белгилей кетсек, рейд «Орто-Сай» базарында өрт коопсуздугунун нормалары толугу менен сакталып, аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин ар бейшемби күнү улантылат.

Рейддер Бишкектин бардык базарларына жана соода жайларына тиешелүү. Алар өрт коопсуздугунун стандарттарына ылайык келүүсү шарт.