"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы 2024-жылга карата шаардын жолдорун жана тротуарларын капиталдык оңдоо боюнча башталган бардык иштерди аягына чыгарууну улантууда.

Ошентип, Волков көчөсүндөгү жолчулар Садыгалиев көчөсүндөгү тротуарды капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүштү.

Садыгалиев көчөсүндө Волков көчөсүнөн 54/5 үйүнө чейин жолду капиталдык оңдоо иштери аяктады.

Бул участоктордо эски асфальтты сыйруу, демонтаждоо, жол жана тротуардын таман таштарын орнотуу, негизин даярдоо жана асфальтбетон катмарын төшөө иштери жүргүзүлдү.