Бүгүн, 5-ноябрда Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти борбордогу №62 мектебинин базасында мектеп директорлору үчүн жыйын өткөрдү.
Иш-чара окуу-тарбия процессин уюштуруудагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында уюштурулду.
Белгилей кетсек, иш-чара УКМКнын демилгеси менен өткөрүлүп, ага 120 мектеп жетекчилери, райондук билим берүү башкармалыктарынын башчылары катышты.