2024-жылдын 25-27-октябрында Бишкекте 2008-2010-ж. т. кадеттер жана 2004-2007-ж. т. өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча салттуу эл аралык "Петр Тельпизовдун кубогу" турнири өттү.

Турнир Арча-Бешик конушундагы "Газпром-балдарга" ФОК спорт комплексинде өткөрүлдү.

Мелдешке Россия, Казакстан, Иран, Өзбекстан жана Кыргыз Республикасынын улуттук курама командаларынан 450дөн ашык спортчу катышты. Катышуучулардын арасында Азия чемпионаттарынын, Европа жана Азия Кубокторунун, ошондой эле улуттук чемпионаттардын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери болгон дзюдочулар болду.

Турнирдин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери медалдар, дипломдор жана сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле үч күндүк таймаштын жыйынтыгы боюнча эң көп медалга ээ болгон командалар аныкталды: биринчи орунду Бишкек шаарынын спорттук күрөш боюнча балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби командасы, экинчи орунду "Дельфин" балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби командасы, үчүнчү орунду Октябрь районунун балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби командасы ээледи. Жеңүүчү командалар эстелик кубокторду алышты.

Мелдешке "Дельфин" балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби командасынан 18 спортчу катышты. Өзгөчө ийгиликтерге жетишти:
- 2024-жылы "Азия балдары" оюндарынын күмүш медалынын ээси Джарова Самира кадеттер арасында жана өспүрүмдөр арасында 52 килограммга чейинки салмакта эки алтын медалга ээ болду.
- 2024-жылы дзюдо боюнча Азия чемпионатынын коло медалынын ээси Айдай Какитаева кадеттер арасында жана өспүрүмдөр арасында 57 килограммга чейинки салмакта эки алтын медалга ээ болду.

Өспүрүмдөр арасындагы мелдештин финалында эки спортчу Кыргызстандын учурдагы чемпиондору менен беттешип, "иппондун" таза жеңиштерине ээ болушту.

"Дельфин" балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби командасынын башка жетишкендиктери:
* Шаршеналиева Назик-кадеттер арасында 48 килограммга чейинки салмак ченинде алтын медаль;
* Мээрим Какитаева-өспүрүмдөр арасында 63 килограммга чейинки салмак ченинде күмүш медаль;
* Амина Жумабекова-ушул эле категориядагы коло медаль;
* Адаминова Айгерим-кадеттер арасында 57 килограммга чейинки салмак ченинде күмүш медаль.

Машыктыруучу Садыркулов Д.М. спортсмендерди ийгиликтуу чыгууга даярдады. Джарова Самира жана Шаршеналиева Назик машыктыруучу Исмаилов Ш.Ю., ал эми Какитаева Айдай менен Мээрим жана Амина Жумабекова Кулигина Н.Анын жетекчилигинде машыгышат.

Турнирдин соңунда спортчулардын чеберчилик деңгээлин мындан ары жогорулатуу үчүн эл аралык машыгуу жыйыны болду.

э