Капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу А.Сүйүмбаев көчөсү А. Огонбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү 2024-жылдын 8-ноябрына чейин убактылуу жабылды.
Белгилей кетсек, бул учурда ШМА (шагыл-мастикалык асфальт-бетон аралашмасы) төшөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
2024-жылга карата шаардын жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча титулдук тизмеге Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки тилке киргизилген, буга чейин жолчулар Москва көчөсүнөн А.Огонбаев көчөсүнө чейинки бөлүктө капиталдык ремонтту аякташкан.
Урматтуу шаардыктар! Жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча кошумча суроолор пайда болгон учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын WhatsApp номуруна кайрылууну өтүнөбүз: 0755 419 841.