Борбордук муниципалитеттин жыйындар залында БШКнын төрагасынын орун басарынын төрагалыгы алдында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча кеңешме өттү.
Мэриянын жана райондук администрациялардын аппарат жетекчилери жана МАБ башчылары менен биргеликте 17-ноябрга белгиленген шайлоо процессине даярдык көрүү, ошондой эле аралыктан добуш берүү маселеси талкууланды.
Ошондой эле БШКнын төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Шайназаров Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Баткен, Талас жана Караколдогу 27 шайлоо участкалары иштеп жатканын маалымдады.
Аппарат жетекчилери жана МАБ башчылары менен биргеликте 2024- жылдын 17-ноябрында боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого тиешелүү маселелерди жана демилгелерди талкуулашты.
Боршайком ошондой эле tizme.gov.kg сайтында "шайлоочунун кабинети" кызматы аркылуу электрондук арыз калтыруу мүмкүнчүлүгүн эскертти.
Сайттагы "шайлоочунун кабинети" кызматы аркылуу аралыктан добуш берүүгө кантип кайрылууга болот?