Бүгүн, 2024-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында кыргыздын залкар акыны Алыкул Осмоновдун үй-музейинин салтанаттуу ачылышы болду.

2024-жылы Алыкул Осмоновдун үй-музейи Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына өткөрүлгөн.

Түрк маданияты жана мурасы фондунун колдоосу менен масштабдуу реконструкциялоо жана музейлештирүү иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында музей мейкиндиги тарыхый аныктыгын сактоо менен заманбап көрүнүшкө ээ болду.

Ачылыш аземде Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев куттуктоо сөз сүйлөп, маданий мурастарды сактоо жана агартуучулук иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле, Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актота Райымкулова жана КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Эсенгул уулу Чыңгыз салтанаттуу сөз сүйлөп, түрк элдеринин достугунун символу катары музейдин маданий маанисин баса белгилешти.

Оңдоп-түзөө  иштерине Мамлекеттик тарых музейинин адистери салым кошкон.

Музейди реконструкциялоого Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 3732,6, ал эми түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан 5 699,7 млн сом бөлүнгөн.

Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, үй-музейдин аймагында билим берүү жана маданий иш-чаралар өтүүчү жайга айлана турган жаңы өзүнчө окуу залы пайда болду. Иш-чаранын катышуучулары да ошол жерге каалоо-тилектерин калтырышты.

Оңдоп-түзөөдөн өткөн Алыкул Осмоновдун үй-музейинин ачылышы шаардын маданий мейкиндигин гана кеңейтпестен, келген конокторду Кыргызстандын руханий мурасы менен тааныштырып, акындын улуттук адабиятка кошкон салымын түбөлүккө калтырат.