Бишкек шаарында «Газпром-балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда кичи-футбол боюнча республикалык турнир өттү.
Мелдешке республика боюнча– Чүй, Ош, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл областтарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын жана ЖӨБ командалары катышты.
Турнирди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев ачты. Ал өз куттуктоо сөзүндө бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге ийгиликтерди каалап, спорт ден соолукка жана маанай көтөрүүгө гана эмес, достукту жана ынтымакты бекемдөөгө чоң салым кошорун белгиледи.
Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков катышуучуларга ийгилик каалап, мындай турнирлер командалардын ортосундагы достук байланышты чыңдоого өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.
Бул турнир Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана Президенттин Достук Кубогу «Мурас» мелдешинин бир бөлүгү катары жыл сайын өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин дене тарбия жана рухий жактан өнүгүүсүн колдогон мелдеш салтка айланган.
Турнирдин жыйынтыктары:
1-орун — Ысык-Көл командасы;
2-орун — Бишкек шаарынын мэриясы;
3-орун — Талас командасы.
Бишкек шаарынын мэриясынын командасы акчалай байгесин Оштун командасына тапшырды. Аны менен катар алардын өжөрлүгүн белгилеп, турнирге катышуу үчүн алыстан келгендиги үчүн урмат көрсөтүштү.
Атайын номинациялар:
•Эң мыкты оюнчу — Бекбоев Талгат (Бишкек);
•Эң мыкты дарбазачы — Эмил уулу Арстанбек (Ысык-Көл);
•Эң мыкты коргоочу — Кочорбаев Айбек (Бишкек).
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери департаментинин колдоосу менен уюштурулду.