Бишкек шаарында 2024-жылдын 5-ноябрынан тарта турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык, тиричилик жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарында саат 9:00дөн 17:00гө чейин суу болбойт.
«Ак-Жар», «Ак-Бата» суу алгычтарындагы жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу суу өчүрүлөт.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! “Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.