Бишкек шаарында, 2024-жылдын 6-ноябрында XI Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтөт.
Буга байланыштуу 2024-жылдын 4-7-ноябрына чейин борбор калаада троллейбустук каттамдар убактылуу токтотулат.
Эскерте кетсек, иш-чаралар аяктагандан кийин троллейбус каттамдары кайрадан иштей баштайт.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Учурдагы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз.