Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти Жобого ылайык "Дилгир" автордук чыгармаларынын кароо-сынагын өткөрдү.
Иш-чара 2024-жылдын 31-октябрында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган үч айлыктын алкагында өткөрүлдү.
Кароо-сынакка жалпы билим берүү уюмдарында 5 жылга чейинки иш стажы бар, 1-2-орундарды ээлеген жаш адистер катышты.
Комиссиянын мүчөлөрү КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жетектөөчү адиси Айнура Сооронбаева жана Кыргыз билим берүү академиясынын илимий кызматкери, балдар жазуучусу, КР Жазуучулар союзунун мүчөсү Айдай Бекбоева болушту.
Кароо-сынактын жыйынтыгы боюнча төмөнкү мугалимдер мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү:
Биринчи орун - информатика мугалими Амагулов Адилет (№66-мектеп);
Экинчи орун - кыргыз тили жана адабияты мугалими Нарынбек кызы Зуура (№ 55-мектеби);
Үчүнчү орун - кыргыз тили жана адабияты мугалими манасчы жетиген (№ 49-мектеп).
ооо