Борбор калаада Орто-Сай базарынын жана соода-базар комплекстеринин аймагында балдар эмгегин пайдалануу учурларын аныктоо боюнча кезектеги рейд өткөрүлдү. Октябрь акимиатынын, эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө  кызматынын, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор катышышты. Рейддин жүрүшүндө жашы жете элек 5 бала аныкталды, алар ата-энелерине соода кылууга жардам беришкен жана ата-энелер бул ишти эмгекке тарбиялоо катары баалашкан. Белгилей кетсек, ички иштер органдары иштеп жаткан балдар табылганда маалыматты дароо эки инстанцияга: КР эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматына, жумуш берүүчүлөрдү же ата-энелерди административдик жоопкерчиликке тартуу жана кабыл алуу үчүн, ошондой эле социалдык органдарга андан ары көзөмөлдөө жана бул үй-бүлөгө жардам көрсөтүү үчүн маалымат жөнөтүлөт.      

Өзгөчө учурларда балдарды туура эмес тарбиялагандыгы үчүн ата-энелик укуктардан ажыратуу маселеси көтөрүлүшү мүмкүн.