Ленин районунун аймагында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө тоскоолдуктарды кыскартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Өкмөттүк акселераторлор" программасын ишке ашыруу боюнча иштер улантылууда.

Азыркы учурда райондун аймагында 44 жеке менчик үй тибиндеги бакчалар бар, алар 800дөн ашуун балдарды камтыйт, алардын ичинен:

- 2023-жылы 19 үй тибиндеги бала бакча ачылып, 435 бала камтылган;

- -2024-жылы 25 бала бакча ачылып, 375 бала камтылган.

Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Үй тибиндеги бала бакчалардын ачылышы балдар жана ата-энелер үчүн  эле ыңгайлуу шарттарды түзбөстөн, 150дөн ашык жумуш орундары да түзүлгөн.

Бул багытта дагы да иштер улантылууда.