«Жеңиш» олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары «Giro d’Almaty 2024» эл аралык веложарышына катышты.

Веложарыш 2024-жылдын 26-27-октябрында Алматы шаарында өтүп, анда 150дөн ашуун катышуучу жеңиш үчүн күч сынашты.

Турнир эки этаптан туруп, биринчи этап — 40 км аралыктагы жарыш шаардын индустриалдык аймагында, ал эми финалдык 10 км жарыш Медеодо өткөрүлдү.

«Жеңиш» олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин велоспорт бөлүмүнүн окуучулары өз мектебин татыктуу түрдө көрсөтө алышты. Он спортчу мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, алардын төртөөсү жеңүүчүлөрдүн тизмесине кирип, байгелүү орундарды ээлешти:

•Алимана Чалова — I орун;
•Данияр Велямов — II орун;
•Александр Дядичкин — II орун;
•Алла Вороняя — III орун.

Жеңүүчүлөргө дипломдор, медалдар жана эстелик белектер тапшырылды, алардын эмгеги жана чеберчилиги жогору бааланды.

«Giro d’Almaty 2024» жарышына катышуу балдар үчүн чоң тажрыйба болду.