Свердлов райондук администрациясынын жыйындар залында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Талайбек Байгазиев жана район башчысы Кубанычбек Айтакуновдун катышуусунда коллегия өттү.
Коллегия мүчөлөрү, муниципалдык администрациянын кызматкерлери, райондук кызматтардын жана жергиликтүү аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.
Жыйында төмөнкү маселелер каралды:
- 2024-жылдын 9 айында райондук администрациянын, муниципалдык райондук бөлүмдөрдүн калктын кайрылууларынын жана даттанууларынын негизинде аткарган иштери жана аткаруу тартиби жөнүндө;
- 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыктар жөнүндө.
Берилген отчеттордун жыйынтыгы боюнча сунуштарды эске алуу менен кошумча жана биринчи кезектеги милдеттерди көрсөтүү менен коллегиянын токтому кабыл алынды.