Бишкек шаардык кеңеши 2024-жылдын 29-августунда №150 көрктөндүрүү боюнча жаңы эрежелерди бекиткен.

Бишкек шаарынын аймагында жашаган ар бир жеке жана юридикалык жак ушул эрежелерди сактоого милдеттүү.

Эмнеге көңүл буруу керек?
- Унааларды контейнер аянтчаларынын жанына токтотууга тыюу салынат. Бул атайын транспорттун таштанды челектерине жана катуу тиричилик таштандыларын белгиленген график боюнча чыгарууга жолтоо болот;
- Таштандыны 19.00 дөн 24.00 гө чейинки аралыкта чыгаруу керек. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын атайын унаалары үчүн сутканын күндүзгү убагында КТКны ташып чыгуу өтө татаал. Андыктан шаарды тазалоо иштери саат 24:00дөн 06:00гө чейин жүргүзүлөт;
- Унааңызды газондорго, жашыл аянттарга жана бак тигилген жерлерге таштабаңыз. Бул эрежени сактоо менен сиздер жашыл бак-дарактарды жана “Бишкекжашылчарба” МИнин жумушчуларынын эмгегин баалайсыздар;
- Соода ишинин бардык субъекттери, ошондой эле ташуучулар (сатуучулар) товарларды, тамак-аш азыктарын ж.б. саат 19:00дөн саат 07:00гө чейин жеткирип берүүгө, түшүрүүгө, кабыл алууга тийиш.

Көрктөндүрүү эрежелери менен сиздер КР Юстиция Министрлигинин сайтынан тааныша аласыздар.