2024-жылдын 25-27-октябрында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыров шаарды башкаруу жана экологиялык технологиялар жаатында жумушчу жолугушууларды өткөрүү жана тажрыйба алмашуу максатында Чанша шаарында (Кытай) болду.
Сапардын алкагында Азамат Кадыров Чанша шаарынын мэринин орун басары менен жолугушуп, аны менен Бишкек жана Чанша шаарларынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелерин талкуулады.
Тараптар шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, таштандыларды туруктуу башкаруу жана шаардык экологиянын сапатын жакшыртуу үчүн акылдуу технологияларды киргизүү боюнча тажрыйба алмашуунун келечегин талкуулашты.
Иш сапардын алкагында Бишкек шаарынан келген делегация учурда кытайлык инвесторлор тарабынан Бишкек шаарында курулуп жаткан таштандыларды өрттөөчү заводдун курулушунун айрым маселелерин изилдөө үчүн заманбап таштандыларды өрттөп, электр энергиясын иштеп чыгуучу заводдун иши менен таанышты. Ишке киргизүү 2025-жылга пландалууда.
Жогорудагы завод Кытайдагы алдыңкы заводдордун бири болуп саналат жана айлана-чөйрөгө минималдуу таасири менен таштандыларды башкаруунун алдыңкы технологияларынын үлгүсүн көрсөтөт.
Делегация мүчөлөрү таштандыларды эффективдүү өрттөө жана шаардын керектөөлөрү үчүн бир убакта электр энергиясын өндүрүүнү камтыган технологиялык процесс менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Бул ыкма таштандыларды натыйжалуу утилдештирүүгө гана эмес, жашыл жана туруктуу шаардык чөйрөнү камсыз кылуу менен көмүртектин бөлүнүп чыгышын азайтууга мүмкүндүк берет.