Бишкек шаарынын  мэриясында мэр Айбек Джунушалиев менен Армения Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Армен Гевандяндын жолугушуусу өттү.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Армения Республикасынын борборлору, Бишкек жана Ереван шаарларынын ортосундагы шаарлар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Айбек Джунушалиев эки элдин ортосундагы маданий, экономикалык жана башка тармактардагы алакаларды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар баарлашуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга үмүт артышты.