Бишкек шаарындагы батыш автобекети, анын ичинде "Акжол" кичи автобекети толугу менен ишин токтотту, көчүрүү иштери жүргүзүлдү.

Азыркы учурда "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасы штаттык режимде иштеп жатат, ал эл аралык, шаар аралык, облустук жана шаар четиндеги каттамдарды тейлейт.

Алсак, Нарын жана Ысык-Көл облустарына каттамдар Алма-Ата, 1/1 дареги боюнча "Бишкек автобекети" МИнин жаңы автобекетинен жөнөйт.

Белгилей кетсек, №13, 34 автобус каттамдары жана №123, 128 кичи автобус каттамдары "Бишкек автобекети"МИнин жаңы автобекетине чейин каттайт.

Ал эми, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарына каттаган каттамдар Бишкектин батыш тарабындагы, жаңы "Ак-Кула"ат майданы курула турчу аймактан жөнөйт.

"Аккула" ат майданы жайгаша турчу жерге чейин №13, 40 автобус каттамдары жана №258 кичи автобус барат.

Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Аймактарга жолго чыксаңыз, чыгыш тарапка барууну пландаган бардык жүргүнчүлөрдү Алма-Ата, 1/1 дареги боюнча "Бишкек автовокзалы" МИнин жаңы автовокзалына, батыш багытында "Ак-Кула" жаңы ипподрому тараптагы (МАИ постунун жанында) дарек боюнча барууну суранабыз.