Бүгүн, 28-октябрда  Свердлов районундагы №67 мектебинин базасында "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү-эгемендүүлүктүн негизи" аттуу илимий конференция болуп өттү.  

Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган.

Конференцияга КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун жетектөөчү адиси Гүлнара Ибраимова, Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязова, Кыргыз ССРинин эл артисти Дарика Жалгасынова, директордун Мамлекеттик тил боюнча орун басарлары жана тарых мугалимдери катышышты.

Свердлов районунун кыргыз тили жана тарых мугалимдери  Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түптөлүшүнө салым кошкон инсандар боюнча баяндамаларды окушту.

Белгилей кетсек, иш-чара суроо-жооптор менен коштолду.