23-27-октябрь күндөрү Швециянын Упсала шаарында абадагы акробатика боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп өттү. Бул мелдешке 27 өлкөдөн 600дөн ашуун спортчу катышты.

Кыргызстандан чемпионатка 7 спортчу кыз катышты: Гүлбара Болотова, Анастасия Ференц, Виктория Тарасова, Талия Айдарова, Бегимай Болотова, Дарья Коваль жана Арууке Борбуева.

Бишкек шаарындагы №64-мектептин окуучусу Бегимай Болотова дүйнөлүк чемпионатта алтын медалды жеңип алды.

Белгилей кетсек, биздин спортчу кыздар эң мыкты натыйжаларды көрсөтүп, 3 алтын жана 3 күмүш медаль тагынышты.

•алтын медаль:
1.Гүлбара Болотова — абадагы шакек;
2.Бегимай Болотова — абадагы шакек;
3.Анастасия Ференц — спорттук пилон.

•күмүш медаль:
Гүлбара Болотова, Бегимай Болотова, Талия Айдарова (абадагы шакек боюнча топтук номер).

Кыргызстан командасынын машыктыруучулары — Яна Сивирина жана Кристина Орозумбекова.

Бишкек шаарынын мэриясы чемпиондорду жана алардын машыктыруучуларын дүйнөлүк аренадагы ийгиликтүү жеңиши менен куттуктап, чоң ийгиликтерди каалайт!