Борбордогу №64 мектепте ордо боюнча мектеп лигасынын райондук этабы өтүп, ар бир райондук  билим берүү мекемелеринин жети командасы байгелүү орундар үчүн ат салышты.

Катышуучулар ордо оюнуна негизделген улуттук салттарга сый-урматын, командалык рухун жана даярдыгыннын жогорку дэңгээде  көрсөтүштү.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр төмөнкүдөй орундарды ээледи:
1-орун — №71 мектеп;
2-орун — №64 мектеп;
3-орун — №88 мектеп;
4-орун — №3 мектеп.

Райондук этаптын уюштурулушу жана өткөрүлүшү мыкты командаларды аныктоого гана жардам бербестен, ордо оюнун мектеп окуучулардын арасында популярдуулугун арттырууга түрткү болду.