26-27-октябрда Нью-Йоркто дзюдо боюнча IJC FOUR SEASONS JUDO CUP эл аралык турнири өтүп, анда спорттук күрөш боюнча олимпиядалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин  спортчулары өздөрүнүн чеберчилигин жана чечкиндүүлүгүн тастыктап, байгелүү орундарды алышты.

Турнирге дүйнөнүн төрт бурчунан күчтүү спортчулар катышып, биздин жигиттер өлкө намысын татыктуу коргошту.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Адаминов Ратбек (38 кг) – 1-орун;
Умар Насирбеков (42 кг) – 1-орун;
Исмаилов Байел (50 кг) – 1-орун;
Элим Муратбеков (55 кг) – 1-орун;
Казиев Данияр (100 кг) – 3-орун.