Бүгүн, 2024-жылдын 28-октябрында саат 9:30дан 17:00гө чейин Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борборунда, ошондой эле Фурманов көч., 16, Ч.Айтматов пр., 21,   Севастопольская көч., 20 даректеринде жылуулук менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу максатында жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо убактылуу өчүрүлөт.

Белгиленген даректерди туруктуу жана сапаттуу жылуулук менен камсыз кыла турган түтүктөрдү оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.