Бишкек шаарынын акимияттарында Балдар иштери боюнча комиссиянын (БКА) кезектеги жыйындары өттү.

Ошентип, Свердлов администрациясында жыйынды жетекчинин орун басары Асель Садыкова алып барды. Ага үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн, райондук билим берүү борборунун адистери, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын атайын күзөт кызматынын жол инспекторлору, ошондой эле комиссиянын курамына кирген бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Комиссиянын отурумунда бекитилген күн тартибине ылайык, убактылуу интернаттык мекемелерге жайгаштыруу, мүлктүк мүнөздөгү маселелер, балдардын арасындагы укук бузуулар боюнча 56 материал каралды.

Бардык материалдардын негизинде тиешелүү чечимдер кабыл алынып, үй-бүлө менен жекече иш жүргүзүүнүн пландары жана балдарды коргоо боюнча жеке пландар бекитилди.

Биринчи май районунда 24 материал боюнча маселе күн тартибине коюлуп, каралды. Комиссия балдардын арасындагы укук бузууларга, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жардам көрсөтүүгө, балдарды үй-бүлөсүнө кайтарууга байланышкан материалдарды карап чыгып, жеринде тиешелүү чечимдер кабыл алынган.

Комиссиянын негизги милдети – кылмыштуулуктун, селсаяктыктын алдын алуу жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жардам көрсөтүү.