Биринчи май районунда №6 АОТМК МГнын  базасында укук бузуулардын алдын алуу жана дарыкана баңгилиги боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын лидерлери менен тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек столго Биринчи май райондук билим берүү башкармалыгынын начальниги С.К. Шербаева, Кыргыз Республикасынын ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальнигинин орун басары А. Б. Жоорбаев, жашы жетеэлектерге медициналык-психологиялык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн врач психиатры Э. Б. Байышева жана жашы жете электердин иштери боюнча башчысы М.К. Жапаров катышышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө №69 мектеп-гимназиясынын  "Келечек" өзүн-өзү башкаруу ийриминин  президенти Актанбек кызы Айжан өзүнүн мектебинде жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө айтып берди.

Ошондой эле КР ИИМ КББНУН жана жашы жете электерге медициналык-психологиялык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн адистери (РППН) чакырылган меймандар тегерек столдун катышуучуларына дарыкана баңгилигинин таасири жана зыяны тууралуу айтып беришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп лидерлери чакырылган коноктор менен кызуу талкуу өткөрүп, баңгиликтин кесепеттери тууралуу керектүү маалыматтарды ала алышты.