Биринчи май районунда жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, эмгекке тартылган балдарды аныктоо, ошондой эле түнкүсүн ата-энесинин же алардын ордундагы адамдардын коштоосу жок жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөрдү аныктоо максатында рейддер өткөрүлдү.

Рейд эки этап менен жүргүзүлдү. Ак-Босого конушунда, Кудайберген, Сары-Өзөн, Азиз базарларында, ошондой эле шаардын борбордук бөлүгүндө.

Рейдке Биринчи май районунун акиминин орун басары, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, РИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын өкүлдөрү, райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жана МАБнын кызматкерлери катышышты.

Ак-Босого конушундагы түнкү рейддин натыйжасында түн ичинде ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) коштоосу жок жүргөн 12 жашы жете элек өспүрүм аныкталды, базарларда иштеген 4 жашы жете элек өспүрүм аныкталган.

Мындай мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң мыйзамдуу өкүлдөргө өткөрүлүп берилди.

Бардык аныкталган жашы жете элек өспүрүмдөр боюнча протоколдор тузүлдү  жана тийиштуу каттар алардын жашаган жери боюнча андан ары профилактикалык иштерди жургузуу жана социалдык жактан колдоо учүн жиберилет.