2024-жылдын 1, 2 жана 3-ноябрь күндөрү саат 19:00дө Бишкек шаардык драма театрында XX кылымдын классикалык драматургиясынын белгилүү чыгармасы болгон Александр Володиндин «С любимыми не расставайтесь» аттуу чыгармасынын негизинде коюлган «Кош дегим келбейт» спектакли өтөт. Режиссер Уланмырза Карыпбаевдин спектакли көрүүчүлөрдү сүйүү, мамилелер жана үй-бүлөлүк баалуулуктар тууралуу ойлонууга чакырат.

Сюжеттин борборунда бир нече үй-бүлөлүк ажырашууларды угуу процесси турат. Жаш жубайлар болор-болбос нерселер үчүн урушуп, жашоодогу келишпестигин күчөтөт. Акыры, алар ажырашып, эки жолго түшөт. Бирок убакыт өткөн сайын кызганыч, шек саноо, күмөндөр жоголуп, чыныгы, баарын багындыра турган сүйүү гана калат.

Спектакль өзгөчө азыркы учурда актуалдуу, анткени уруш-талаштар оңой эле чыгып, түшүнбөстүктөр өсүүдө. Бул чыгарма көрүүчүлөрдү ажырашуунун кандай баага турушу мүмкүн экенин жана сүйүү менен мамилелерди баалап, сактоо канчалык маанилүү экенин ойлонууга чакырат.

Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылсаңыз болот: 53 04 42; +996 500 20 10 67.