Бишкек шаарында мэрдин орун басары Рамиз Алиев журналисттер менен биргеликте лифттердин жабдууларын жаңылоо иштери кандай жүрүп жатканын текшерди.

«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасы 966 лифтти тейлеп, алардын үзгүлтүксүз жана коопсуз иштөөсүн камсыздайт.

Бишкек шаарынын мэриясы жыл сайын 100 лифтти алмаштырууну пландаган. Анткени, айрым лифттер 40 жылдан ашык иштеп, иштөө мөөнөтү аяктаган. Учурда алардын ордуна жаңы лифттер коюлууда.

Азыркы учурда 53 лифт пайдаланууга берилди, дагы 21 лифт орнотуу иштеринин акыркы этабында турат. Жыл аягына чейин дагы 26 лифтти жаңыртуу иштерин аяктоо пландалууда.

Бул иштер тургундардын ыңгайлуулугу үчүн шарттарды түзүүгө,  лифт жабдууларынын коопсуз жана ишенимдүү иштөөсүн жогорулатууга багытталган.

Пресс-турдун алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү алгач Матросов көчөсүндө жайгашкан 3-үйдөгү пайдаланууга берилген лифтти көрүштү. Бул жерде лифтти жаңылоо иштери толугу менен аяктап, тургундардын пайдалануусуна берилген.
Андан кийин 7-кичирайонундагы 46-үйгө барышты. Үйдүн биринчи подъездиндеги лифт ишке киргизүү этабында болсо,  экинчи подъездде лифттин кабиналарын алмаштыруу иштери уланууда. Жакын арада тургундар жаңыланган лифттерди пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышат.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 1-августунан баштап лифттерди тейлөө үчүн тариф айына 1 чарчы метр турак жай аянтына 8,31 сомду түзөт.

Жаңы тарифке ылайык, «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасы төмөнкү 5 кошумча кызматты көрсөтөт:

•жыл сайын техникалык жана авариялык тейлөө;
•жылдык камсыздандыруу;
• капиталдык оңдоп-түзөө жана оңдоо иштери;
•диспетчердик байланыштын киргизилиши (5 жыл ичинде);
•видео байкоо тутумунун орнотулушу (5 жыл ичинде).

Тарифти жогорулатуу  жаңыланууга муктаж болгон лифттердин ишенимдүү жана коопсуз иштөөсүн бир топ жакшыртууга мүмкүндүк берет.