"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы Биринчи май районунун Достук кичи районуна тышкы жарыктандырууну  орнотууну аяктады.

Буга чейин бул район толугу менен караңгы болуп, тургундар жарыктандыруу  боюнча бир нече жолу кайрылышкан.

Долбоордун алкагында темир  түркүктөргө 100 Вт кубаттуулуктагы 56   чырак орнотулган.

Мындан тышкары, 1200 метр өзүн-өзү колдогон изоляцияланган зым (СИП) тартылып, жарык берүү тутумунун ишенимдүү жана узак мөөнөттүү иштешин камсыз кылат.

Азыр Достук кичирорайонунун бардык тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу.

Белгилей кетсек, долбоор шаардыктардын жашоо ыңгайлуулугун жана жашоо сапатын жогорулатууга багытталган жаңы конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча программанын бир бөлүгү болуп саналат.

Муниципалдык ишкана тарабынан жума сайын 1-көчөнү жарыктандыруу пландаштырылган.