Октябрь районунда Жарандык коргонуунун планына ылайык, Орто-Сай базарында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.  

Текшерүү мэрдин орун басары Рамиз Алиев, муниципалдык инспекциянын башчысы Медербек Амангелдиев жана шаардык кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүүчү унаасы бардык коомдук унаа жолдору жана өтмөктөрүн атайын айдап өткөн. Атайын унаанын өтүшүнө базардын аймагындагы уруксатсыз иш-аракеттерди токтотуу боюнча эскертүүлөргө көңүл бурбаган стихиялуу соодагерлер тоскоолдук кылышкан.

Соодагерлер чындап эле өзгөчө кырдаал болуп кетсе, өрт өчүрүүчү унаалар өрт чыккан жерге да жете албай турганына күбө болушту.

Муниципалдык инспекция тарабынан мыйзамсыз чатырлар алынып, соода эрежелерин бузган соодагерлерге айып пул салынды. 286-берененин 2-бөлүгүнө ылайык Муниципалдык инспекциянын инспекторлору тарабынан жеке адамдарга карата 8 протокол түзүлдү. Жалпы суммасы 24 000 сомду түзөт.

Өрт-тактикалык машыгуулар ар жуманын бейшемби күндөрү базардын администрациясы бардык зарыл талаптарды жана стандарттарды аткарганга чейин өткөрүлөт.

Бул иш-чаралар белгилүү бир базарга гана тиешелүү эмес, ошондой эле Бишкек шаарындагы бардык шаардык базарларга жана соода жайларына тиешелүү. Өтүп жаткан машыгуулар келген жарандарга жана кызматкерлердин максималдуу коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле мүмкүн болуучу тобокелдиктерди алдын алууга багытталган.