Ленин райондук акимиатында 2024-жылдын 17-ноябрына белгиленген жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого  даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны өттү.

Жыйынга Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев, Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев, Ленин районунун прокурору Алайбек Өмүрзакович, Бишкек АШКнын төрагасы Бахадыр Конуров, Ленин райондук ИИБнин башчысы Азамат Байгазиев жана башка жетекчилер катышты.

Жыйында талапкерлердин үгүт иштеринде жана шайлоо күнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын, ошондой эле шайлоого даярдык көрүү үчүн материалдык-техникалык камсыздоо маселелери талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында шайлоо участкаларынын кураторлоруна материалдык-техникалык  камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.

Урматтуу шаар тургундары! Өз жарандык позицияңызды көрсөтүп, 2024-жылдын 17-ноябрында белгиленген жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого активдүү катышууңуздарды суранабыз.