2024-жылдын  29 - октябырында  саат 9:00 - 23:00 чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Өчүрүү району:
• Алыкулов к. – Кустанай к. - ЧЧК – Ала-Арча суусу – Рыскулов к. (.Д. Сяопин пр.) – Интергельпо к. – Темир жол тилкеси;
•(Прогородный айыл аймагы) Юбилейный к. – Горький к. –Садовый к.  (Прогородный айылы) – ЧЧК.
•«Аскер шаарчасы», «Кызыл Аскер», 110 квартал конуштары,  Достук к-р.

«Батыш»   суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» МИси  келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.