Туташууда бузулуулар аныкталгандыктан, Учкун кичи районуна жылуулук берүү убактылуу токтотулду.

Учурда жеринде бригада иштеп, бузулган жерди аныктоо иштери жүрүп жатат.

Төмөнкү даректер убактылуу өчүрүлгөн:
- Учкун кичи району, № 11, 14, 15, 16, 18, 19, 20, 21, 22, 23, 24 үйлөр (А жана Б блоктору);
- Уч-Тулга көчөсүндөгү  15 участо; Казан Булак, 10.

Жылуулук берүүнү 2024-жылдын 25-октябрында болжол менен саат 16:00гө чейин калыбына келтирүү пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, жогорудагы үйлөргө ысык суу берилет.


"Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктар бул жагдайды түшүнүү менен кабыл алат деген үмүттөбүз.